БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргызстандык чемпион Валентина Шевченко 2019-жылдын жыйынтыгы менен UFC уюмунун мыкты нокаут ээси номинациясына талапкер болуп жатканын Twitter баракчасына жарыялады.
"Жылдын мыкты нокаутуна ким көрсөтүлүшү керек?" — деп жазылган постто.
Белгилей кетсек, кыргызстандык спортчу Чикаго шаарында өткөн UFC 238 турниринде америкалык Жессика Айды утуп, чемпиондук курун коргоп калган. Ал экинчи раундда буту менен сокку узатып, атаандашын нокаутка кетирген. Кийин анын соккусу турнирдин мыкты ирмеми деп табылган.
Уюмдун жарыялаган постуна ылайык, номинацияга Шевченкодон тышкары Хорхе Мосвидаль да талапкер болууда.
Июль айында Лас-Вегаста өткөн UFC 239 турниринде өзүнүн мекендеши Бен Аскренди секирип барып тизеси менен сокку уруп, нокаутка кетирген. Масвидаль уюмдун тарыхында нокаутту тез арада ишке ашырып рекорд койгон.
Расмий жыйынтыкты UFC декабрдын соңунда жарыяламакчы.
Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.