Ошто аскер кызматкери токко урунуп, ооруканага түштү

Жабыркаган кызматкер учурда ооруканада, абалы орточо оор экендиги айтылды. Окуяны Ош гарнизонунун Аскер прокуратурасы иликтеп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Оштогу аскер бөлүктө келишимдик негизде иштеген кызматкерди ток уруп, ооруканага түштү. Бул туурасында Башкы штабдын маалымат кызматы билдирди.

Дагы бир аскер өз жанын кыйды. Бир ай ичиндеги үчүнчү окуя
Окуя кечээ, 4-декабрда, болгон. Гүлчөдөгү №92843 аскер бөлүктүн ефрейтору жана радиотелефонисти машыгуу аянтынан келе жаткан. Жогорку вольттуу электр өткөргүч линиясынын жанынан өтүп бара жатканда радиостанциянын антеннасы аркылуу аралыктан ток урган.

Жабыркаган кызматкерге медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда ал райондук ооруканада дарыланууда, абалы орточо оор экендиги айтылды.

Окуя тууралуу Ош гарнизонунун Аскер прокуратурасына маалымат берилип, кызматтык иликтөө жүрүп жатканы маалым болду.