Москвада жоголуп кеткен кыргызстандык аялдын сөөгү табылды

Укук коргоо органдарына энесин таап берүүнү өтүнүп кызы кайрылган. Жыйынтыгында аял жарым жыл мурда каза тапканы жана сөөгү жерге берилгени аныкталган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жарым жыл мурда дайынсыз жоголуп кеткен 57 жаштагы аялдын сөөгү Москвадан табылды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ноябрь айынын аягында Кыргызстандын ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгүнө 36 жаштагы кыргызстандык аял кайрылып, үстүбүздөгү жылдын апрель айынан бери дайынсыз болуп жаткан энесин табышууга жардам сураган. Туугандарынын айтымында, өз алдынча издөө аракетинен майнап чыккан эмес.

Органга уурдалды делген 16 жаштагы кыргызстандык кыз табылды
Милиция жоголуп кеткен аял Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда туулганын аныктаган. Ал дүкөндөрдүн биринде пол жуугуч болуп иштеп жүргөн.

Териштирүү учурунда аялдын сөөгү 28-март күнү Москвадагы Бирюлево аймагынан табылганы аныкталган. Кийин анын сөөгү соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлүп, андан соң мамлекеттин эсебинен көмүлгөнү белгилүү болгон.

Маркумдун туугандары эксгумация жана "жүк-200дү" Кыргызстанга жөнөтүү үчүн тийиштүү документтерди алышты. Бирок Россиянын мыйзамы жана санитардык нормалары боюнча сөөктү казып алып кайра көмүүгө бир жылдан кийин гана уруксат берилет.