БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев учурда милиция кызматкерлеринин орточо айлыгы 8-15 миң сом экенин айтып, жаңы жылдан кийин 40 пайызга жогорулай турганын билдирди.
Белгилей кетсек, парламент бүгүнкү жыйынында коррупция жана аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатат.
Талкуу учурунда депутат Талант Мамытов ушул акча милиционер үчүн, офицер үчүн жетиштүүбү деп суроо салды.
Вице-премьер Жеңиш Разаков жетпеген жерлери бар экенин айтып, 1-январдан тарта милиция кызматкерлеринин айлыгы бир топ эле көбөйө турганын белгиледи.
"Жаңы жылдан тарта милиция кызматкерлеринин маянасы көбөйүп, орто эсеп менен 18-20 миң сомду түзөт деп жатабыз", — деди ал.
Депутат өз кезегинде укук коргоо органдарынын социалдык маселелерин чечип берүү керектигин билдирди. Эгер бул маселелер каралбаса кызмат адамдары кызмат абалынан пайдаланып башка иштерге барышы ыктымалдыгын айтты.