"Матраимов СИЗОдо". Sputnik агенттигинин аты менен фейк жаңылык таратылууда

Sputnik агенттиги окурмандарды редакциянын атын жамынуу менен Матраимов камакка алынганы боюнча маалымат таратып жаткандарга ишенбөөгө чакырат.
Sputnik

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Социалдык тармактарга белгисиз адамдар Sputnik агенттигинин атын жамынып, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов тергөө абагына киргизилди деген жалган маалыматты таратып жатышат.

"Биздин сайтка мындай жаңылык чыккан эмес. Бул скриншот — фейк. Андыктан Sputnik агенттиги жазды деген кепке ишенбеңиздер", — деди агенттиктин баш редактору Эркин Алымбеков.

Тарап жаткан скриншот бир караганда Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин сайтынан алынгандай көрүнөт.

Аныгында бул башка жаңылык болчу. Тагыраагы "Атамбаев водворен в СИЗО ГКНБ. На какой срок" деген материал 2019-жылдын 9-августунда жарыяланган.

Ал эми Матраимов тууралуу скриншот графикалык редактор аркылуу жасалмаланган (Photoshop).

Белгилей кетсек, агенттиктин кабарчылары жаңылыкты расмий органдардан тактамайын чыгарбайт.