Кыргызстанда канча бала тое тамак жебейт. Жүрөк ооруткан статистика

Бардык көйгөйлөргө карабастан Кыргызстан Борбор Азиядагы өлкөлөр арасында "ачка жараны жок" мамлекет боло аларын ФАОдон белгилешти.
Sputnik

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. БУУнун соода-сатык жана айыл чарба уюму Sputnik агенттигине Кыргызстандагы соода коопсуздугу жана тамактануу боюнча кырдаалды көрсөткөн инфографика жөнөттү.

2016-жылдан 2018-жылга чейинки байкоолорго караганда, Кыргызстанда ар бир 15инчи жашоочу курсагы тое тамак жебейт.

Өлкөдөгү ар бир жетинчи баланын бою өз курагындагылардан кичине.

Кыргызстанда канча бала тое тамак жебейт. Жүрөк ооруткан статистика

Ар бир 35-өспүрүм өтө арык.

Ар бир алтынчы кыргызстандык ашыкча салмак менен жабыркайт.

Ар бир 14-өспүрүм ашыкча салмак менен жабыркап келет.

Республикадагы ар бир үчүнчү аял анемиядан жапа чегет.

Ашыкча салмак менен жабыркаган жана бою өспөй калган балдардын облустар боюнча көрсөткүчү

Кыргызстанда канча бала тое тамак жебейт. Жүрөк ооруткан статистика

ФАОдон билдиришкендей, айыл чарба продукциясын өндүрүү көлөмүнүн өсүшү, ун менен туздун микроэлементтер менен байытылышы жана окуучуларды ысык тамак менен камсыздоо сыяктуу көрүлгөн иш-аракеттердин арты менен мамлекеттеги соода коопсуздугу жакшырган. Мындан улам өтө арык жана бою курагына жараша өспөй жаткан балдар дагы азайган.

Кыргызстанда канча бала тое тамак жебейт. Жүрөк ооруткан статистика

Анткен менен мамлекетте чоңдор менен балдардын ашыкча салмак менен жабыркашы жана анемияга кабылган аялдардын саны жогору бойдон калууда.

Бирок буга карабастан Кыргызстан Борбор Азиядагы өлкөлөр арасында "ачка жараны жок" мамлекет боло аларын ФАОдон белгилешти.