Хорватия президентинин аты шоколадга берилди

Шоколадга "Чоколинда" деген ат берилип, аны өлкөдөгү азык-түлүк чыгарган ири Podravka компаниясы жасайт.
Sputnik

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Хорватиянын президенти Колинда Грабар-Китарович шоколадды өзүнүн атынан атоого уруксат берди. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Таттуудан баш тартуу эмнеге алып келерин диетолог айтып берди
Ага ылайык, шоколадга "Чоколинда" деген ат коюлуп, аны өлкөдөгү азык-түлүк чыгарган Podravka компаниясы жасайт.

Грабар-Китарович мындай иш үчүн эч кандай акча албай турганын айтып, шоколад бир гана Хорватияда эмес, Европанын түштүк-чыгышында дагы жакшы сатылат деген үмүттө экенин билдирди.

Колинда Грабар-Китарович Хорватияны 2015-жылдан бери башкарып келет.