Бишкекте аялдамадагы адамдарды кырсыктан такси "сактап" калды. Видео

Эгер аялдаманын жанында таксисттин унаасы жок болуп калганда топтошуп турган адамдарды машина коюп кетиши мүмкүн эле. Окуянын видеосу интернетке жарыяланды.
Sputnik

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Бишкекте жолдо бараткан айдоочу рулду башкара албай калып аз жерден аялдамадагы адамдарды коюп кете жаздады. Окуянын видеосун Эртай аттуу активист соцтармакка жүктөдү.

Жол кырсыгы бүгүн, 5-декабрда, Байтик баатыр менен Скрябин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кадрдан Ravon үлгүсүндөгү унаа Скрябин көчөсүнөн түндүктү көздөй бурулуп, андан соң аялдаманын жанында турган Nissan Wingroad автосун сүзүп кеткенин көрүүгө болот.

Активисттин айтымында, бул учурда таксист кардарын түшүрүп жаткан. Ал эми аялдамада эл көп болгон. Эгер таксисттин унаасы болбогондо адамдарды коюп кетүү коркунучу жаралмак.