Бишкектин жанында эки кабаттуу үй күйүп жатат. Видео

Аламүдүн районундагы үйдөн чыккан тилсиз жоону эки өрт өчүрүүчү бригада өчүрүп жатат. Кырсык тууралуу маалымат эки саат мурда түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Бишкектин жанындагы Маевка айылында эки кабаттуу үй күйүп жатканын ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Окуянын видеосу "Короче" деп аталган Telegram-каналга жүктөлгөн.

ӨКМге тилсиз жоо тууралуу маалымат 07:26да келип түшкөн. Жеринде эки өрт өчүрүү бригадасы иштеп жатат.