Муну мен жакында эле коңшум экөөбүз айдап жүргөн машинабыз менен бири-бирибизге орун бербей тирешкенде түшүндүм. Азыр эстесем, албетте, күлкүм келет, бирок учурунда ачууга алдырдык. Акырында жолду мен бошотуп бердим, бирок өзүмдүн да, анын да маанайын буздум. Буга мени эмне түрттү? Эмнеге минттим? Анан баарын дыкаттык менен көз алдыма келтирип ойлоно баштадым. Коңшума чейин эле ачуум келип жүргөн, абдан ачуулангам. Анан терс энергияны көтөрүп жүргөнүмдү түшүндүм. Кыязы, ошол жүктөн кутулгум келген окшойт. Коңшум башта сылык-сыпаа адам көрүнгөнү менен сөгүнүп-сагынып, ошол учурда таанылгыс эле.
Кечээ ишке келип, кеңседен тааныш көрүнүштү байкадым — кезектеги негатив жаңылык агенттиктин кээ бир кызматкерлеринин ачуусун келтириптир. Бир катарлары өз пикирлерин айтып, ал эми биздин команда ушул үчүн эки лагерге бөлүнүүгө даяр эле. А мен эсимде калган жанагы жакшылыктын илебин жайылтууну эңсеп турдум.
Жаңы рубрика "Ак жарык" деп аталат. Бизди окуган адамдардын көңүлүн күн сайын, мүнөт сайын кайсы бир көчөдө, кайсы бир жерде жасалып, бирок биз байкабай калган жакшылыктарга бурсак дейбиз. Себеби биздин көңүлүбүз трагедиялуу же ачууну келтирген жаңылыктарга бурулуп калган. Менин баамымда, мындан баары чарчап бүттү. Рубрика өлкөбүздө болгон көйгөйлөрдү көз жаздымда калууга чакырбайт. Албетте, аларды да чечиш керек. Бирок ызы-чуу, паника менен эмес. Кеп-сөзгө келип, адилеттүүлүк менен тынч эле, тагыраагы, адамгерчилик менен жайгарса болот.
Эсиңизде болсо керек, Чыңгыз Айтматовдун "Эң кыйыны — күн сайын адам болуу" деген сөзү бар эмеспи.
Мындан ары Sputnik Кыргызстан сайтынан акыркы күндөрү бизге жетишпей жаткан жакшы, жарык окуялар туурасында окуп, жылуулук ала аласыз! Анда кеттик!
Эгер кандайдыр бир жүрөк жылыткан, жылмаюу тартуулаган ирмемдериңиз болсо, news@sputnik.kg дареги аркылуу биз менен бөлүшүп коюуну унутпаңыз.