Бажы кызматы: декларациядан өтпөгөн акча контрабанда деп эсептелет

Депутат Рыскелди Момбеков "Кыргызстандан накталай акча чыгарып кетүү контрабандага жатабы?" деген суроо салды.
Sputnik

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Султан Мамасадыков депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып чек арадан өткөн кишилер 10 миң долларга чейинки каражатты оозеки декларация менен, андан ашса сөзсүз түрдө декларацияланышы керектигин айтты.

Миллиарддап саналат. Бир жылда Кыргызстандан канча акча чыгарылганы айтылды
Бүгүн депутаттар аткезчилик жана кылмыштуулук боюнча өкмөттүн токтомун талкуулап жатат.

Депутат Рыскелди Момбеков "Кыргызстандан накталай акча чыгарып кетүү контрабандага жатабы?" деген суроо салды.

Султан Мамасадыковдун айтымында, Бажы кодексинин 260-беренесине ылайык, 10 миң доллардан ашкан акча декларациялангандан кийин сыртка чыккан каражаттын суммасына чектөө коюлбайт.

"Эгер декларациядан өтпөсө, албетте, контрабанда болуп эсептелет", — деди ал.

Эске салсак, жергиликтүү бир нече ЖМКлар Кыргызстандан чыгарылган миллиондогон долларлар боюнча кезектеги иликтөөсүн жарыялады. Анда "Манас" аэропорту аркылуу мүшөктөгөн акчанын чыгарылышы баяндалган.