Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө ар бир он кишинин тогузунун көзү начар көрөт. Бул тууралуу Өмүрбек Жолдошев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, компьютер менен смартфон, планшет өңдүү гаджеттердин экранын өтө жакын кармап, туура эмес карагандыктан жана көпкө тиктегендиктен көзүнүн көрүүсү начарлап кеткен өспүрүмдөр көбөйүп жатат.
"Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча көзүнүн көрүүсү начарлап, дарыгерге кайрылган кишилердин саны өсүүдө. Учурда ар бир он кишинин тогузунун көзү жакшы көрбөйт. Буга биринчи кезекте адамдардын орточо жашоо узактыгы жогорулап жаткандыгы себеп болсо, экинчиси — смартфон, планшет өңдүү гаджеттер менен девайстардын коомчулуктун калың катмарына жеткиликтүү болуп калганында. Анткени заманбап техниканы көпчүлүк, айрыкча жаштар туура эмес колдонуп жатышат. Мисалы, жаңыдан жетилип келе жаткан жеткинчектер планшет менен смартфондордун экранын көпкө карап жана өтө жакын тиктеп отурушууда. Бул акырындык менен көздүн көрүүсүн начарлатып, ооруга алып келиши мүмкүн. Мындан улам алдын ала гаджеттерди колдонуу эрежелери менен таанышып алуу зарыл. Мисалы, үч жашка чейики балдарга бир күндө смартфон жана планшеттерди жарым сааттан ашык карап отурууга болбойт. Үч жаштан жогору курактагылар үч сааттан көп экранды карабашы керек. Ал эми чоң кишилерге андай чектөө жок, бирок ар бир 50 мүнөт сайын көздү эс алдырып, алысты карап коюп туруусу керек", — деди офтальмолог.
Ошондой эле ал азыркы учурдагы медицина жаатындагы жетишкендиктердин жардамы менен көз ооруларынын бардык түрлөрүн дарылоого мүмкүн экенин кошумчалады.