Жомок, жомок! Кызыл аянттагы ГУМ муз аянтчасынын ачылышынан 12 ирмем

Sputnik

Навка, дагы бир чемпион Петр Чернышев жана жылдызы жанып келе жаткан Алина Загитова "Уйкудагы сулуу. Эки падышалыктын уламышы" деп аталган жаңы жылдык шоудан үзүндү көрсөтүштү.

Мюзиклди тогуз айдан бери жаңы жылдык салтанатка карата даярдап жатышат. Ырдап, үн коштоп Ани Лорак, Александр Панайотов, Филипп Киркоров, ал тургай шоумен Гарик Харламовдор иштөөдө.

1 / 12
Кызыл аянттагы ГУМ муз аянтчасы
2 / 12
Кызыл аянттагы муз аянтчасын борбор калаанын визиттик карточкасы деп атаса болот. Бул жерде ГУМ муз аянтчасы менен ГУМ-жарманке иштеди.
3 / 12
Майрамдын ачылышында муз үстүндөгү белгилүү бийчилер — Татьяна Навка менен Петр Чернышев кызыктуу номер көрсөттү
4 / 12
"Муз майрамдын" 14-сезонунун темасы — балдардын айтылуу программасы "Спокойной ночи, малыши!" болду. Аны төрөлгөндө эле уга баштаган балдар быйыл 65 жашка чыкты. Татьяна Навка сүйүктүү каарманы Хрюша, жылдызы жанып келе жаткан Алина Загитова сүймөнчүк менен көргөн персонаж — Степашка экенин айтты.
5 / 12
Фигурист кыз Алина Загитова бул ирет муз үстүндө жүргөндө өзүн ханбийкедей сезгенин айтты
6 / 12
13 жылдан бери ГУМ муз аянтчасына 3,5 миллион адам келген
7 / 12
Бул каарман кичинекейлердин эсинде көпкө калары шексиз. Жомоктогу жашоонун бир көрүнүшү.
8 / 12
Муз аянтчанын бул ачылышына белгилүү адамдар арбын келген. Алардын арасында актёрлор, музыканттар, ал тургай ишкерлер да бар. Сүрөттөгү мурдун кызарта боёп, жасалма чач кийген береги адам — Bosco di Ciliegi компаниясынын башында тургандардын бири Михаил Куснирович.
9 / 12
Быйылкы сезондун ачылышы көптөр, өзгөчө кичинекейлер үчүн ири майрам болду. Жарк-журк эткен оттор, көк жалтаң муз, жомоктогудай музыка, кар, кыш, ал эми жанында ата-энеси.
10 / 12
Муз аянтчага жакын жарманке ачылды
11 / 12
Эл бул сезонду чыдамсыздык менен күтүп, ал тургай күчүктөрүн көтөрө келген
12 / 12
Фигуристтер Татьяна Навка, Алина Загитова жана Петр Чернышев (солдон оңго борборунда) ГУМ муз аянтчанын ачылышынан кийин