Балдар мектепте туруп тамак ичкен видео тарады. Отургучтар сатылып кеткенби?

Интернетке тараган видеодо мектептин директору отургучтарды темирге өткөрүп, ашпозчулардын айлыгын азайтып койгону айтылат. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы окуу жайдын жетекчиси менен байланышты.
Sputnik

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы М.Юсупов атындагы мектепте окуучулар ашканада туруп тамак ичүүдө. Мындай видео "Короче" деп аталган Telegram-каналга жүктөлгөн.

Тасманын алдында жазылган маалыматка ылайык, мектептин директору отургучтарды темирге өткөрүп, ашпозчулардын айлыгын азайтып койгону айтылат.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы М.Юсупов атындагы мектептин директору Калийпа Керимбекова менен байланышып, окуянын чоо-жайын тактады. Ал отургучтар сатылып кеткен деген деген маалыматты төгүндөдү.

"Эски отургучтар Кытайдан чыгарылган болчу, алар сынып калган. Отургучтарды сатып жиберди деген чындыкка туура келбейт. Мен бул маселе боюнча айыл өкмөткө кайрылгам, ушул жуманын аягында алар отургучтарды алып келет", — деди директор.

Мектеп директору эмнеге бардык отургучтар сынып калганына так жооп берген жок. Бирок ашканада отургучтар бар экендигин айтып, сөзүн тастыктоо үчүн сүрөтүн жиберерин убадалаган. Сүрөттөрдү сүйлөшүп бүткөндөн кийин 58 мүнөттөн соң салды.

Балдар мектепте туруп тамак ичкен видео тарады. Отургучтар сатылып кеткенби?

Ошондой эле Керимбекова ашпозчулардын эмгектеги зыяндуу шарттарга карап алган кошумча акчасы алып салынганы үчүн эмгек акы кыскарганын кошумчалады. Анын айтымында, чечимди райондук билим берүү бөлүмү кабыл алган.