Депутат Строкова Рита Карасартованын кызматка дайындалышын сынга алды

Эл өкүлү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кадр саясатына абдан таң калып жатканын айтып, билим берүү тармагына кыйраткыч киши келди деген пикирин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова Рита Карасартованын декабрдын башында Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалышын сынга алды.

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат премьер-министрдин кадрдык саясатына абдан таң калып жатканын айтты.

"Билим берүү тармагына Рита Карасартова сыяктуу бүлдүргүч кишилер дайындалып жатат. Ал (Карасартова — авт.) кайсы жакта туруксуздук болуп жатканын сезет. Азыр аны кесиптик билим берүү агенттигине эмнеге коюшту? Аны билим берүү тармагын кыйратуу үчүн алып келиштиби? Мен премьер менен Карасартовага караганда өзүмдү кыргыз сезип кетип жатам. Алардын сырты эле кыргыз болбосо, ичинде эмне бар экенин бир кудай өзү билет. Алар өсүп келе жаткан муун тууралуу ойлонбойт. Эмне, биздин балдар Улуу Ата Мекендик согушту Америка жеңген деп калышын каалап жатабызбы?" — деп депутат суроо салды.

Сурабалдиева Финполдун башчысына: тууганыңыз бар экен, кызматтан четтеп туруңуз
Строкова ар кандай маселелер каралчу бейшемби күнкү жыйынды күтүп отура албасын айтып, билим берүү тармагына дайындалып жаткан айрым кишилер тууралуу оюн билдирди.

Белгилей кетсек, 3-декабрда буга чейин укук коргоочу болуп келген Рита Карасартова Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалып, жамаатка аны билим берүү министри Каныбек Исаков өзү тааныштырган болчу.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.