УКМК "Азаттыктын" журналисттерин суракка келүүсүн суранды

Комитеттин маалыматына караганда, суракка чакырылган журналисттер учурда чет өлкөдө болгондуктан скайп аркылуу жооп берүүгө даяр экендиктерин билдиришкен. Бирок буга мыйзам жол бербей турганы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Азаттык Медиадан" журналисттери Али Токтакунов менен Ыдырыс Исаковдун суракка келүүсүн камсыздап берүүнү суранды.

Учурда атайын тергөө топ Кылмыш-жаза кодексинин 39-беренеси жана 130-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталган сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

Маалыматта "Азаттык Медиа" мекемесинин кызматкерлери Али Токтакуновдун жана Ыдырыс Исаковдун катышуусу менен тергөө аракеттери өткөрүлүүгө тийиш экени белгиленген.

"2019-жылдын 2-декабрындагы "Азаттык Медиасынан" келген катта аталган журналисттер чет өлкөдө жүргөндүгүнө байланыштуу скайп аркылуу тийиштүү суроолорго жооп берүүгө даярдыгы белгиленген. Бирок Кыргызстандын аймагынан сырткары болгон адамдын катышуусу менен скайп аркылуу же башка техникалык байланыш режиминде тергөө аракеттеринин өткөрүлүшү Жазык-процесстик кодексинин 194-беренесине дал келбестигин белгилейбиз", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Кыргызстандан чыгарылган миллиондор тууралуу журналисттик иликтөө боюнча бир катар аткаминерлер жана башка адамдар суракка чакырылмак. Алардын арасында иликтөөнү жасаган журналист Али Токтакунов, Жогорку Кеңештин депутаттары — Алтынбек Сулайманов, Дүйшөн Төрөкулов, экс-депутат Ширин Айтматова, жарандык активисттер, КР президентинин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү — Фарид Ниязов, Мухаммедкалый Абылгазиев, Турдуназир Бекбоев бар.

Окуянын чоо-жайы

Райым Матраимов УКМКдан чыкты. Сүрөт, видео
21-ноябрда Кытайдан ташылган аткезчилик боюнча бир нече ЖМКнын биргелешкен иликтөөсү жарыяланган. Анда бир тууган Матраимовдор, атап айтканда, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов ишкер Хабибула Абдукадыр менен иш кылганы баяндалат. Материал 10-ноябрда Стамбулда өлтүрүлгөн ишкер Айэркен Саймаитинин көрсөтмөлөрүнө негизделген.

Саймаити бир нече жыл ичинде Кыргызстандан 700 миллион доллардан ашык каражатты чыгарып кеткенин айтып берген. Ишкер өлөр алдында журналисттерге коррупциялык схемалар тууралуу билдирип, аларды далилдей турчу документтердин көбүн берип, айрымына үлгүрбөй калган.