Токмокто мас делген милиционердин жол кырсыгына кабылганы видеого түшүп калган

Россиянын номери тагылып, терезелери караңгылатылган "Жигули" каршы тилкеге чыга калып Toyota Camry үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан.
Sputnik

Токмок шаарында мас киши жол кырсыгына кабылды. Кийинчерээк ал жергиликтүү ИИБдин кызматкери экени белгилүү болгон. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысына жабырлануучу Эмил Рысбаев билдирди.

Жол кырсыгы 2-ноябрга караган түнү Токмоктогу 3 жана 1-кичирайондордун ортосунда болгон. Россиянын номери тагылган "Жигули" Toyota автосун сүзүп кеткен.

"Терезелеринин бардыгы караңгылатылган "Жигули" каршы тилкеге чыга калып менин унаамды көздөй жүрүп келе жатты. Катуу кагышуу болбосун деп тормозду басканга үлгүрдүм. Бирок ал баары бир машинамды сүздү. Унаадан мас киши чыгып, өзүнүн ысымын ар кандай деп айтып жатты. Бир жуманын ичинде чыгымдарды төлөп берерин да убадалады. Мен анын паспортун алып койгом. Кийинчерээк ал Токмок ИИБинин кызматкери экени белгилүү болду. Ал бир айдан бери жолугушуудан качып, күнүгө унааны жакында оңдотуп берерин убадалап жүрөт", — деди Рысбаев.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы видеодогу адам 31 жаштагы Кеңеш Нарынов экенин маалымдап, анын Чүй РИИБдин кызматкери экенин тастыктады. Аталган факты боюнча кызматтык иликтөө башталып, жыйынтыгы менен милиционерге карата юридикалык баа берилмекчи.