Рита Карасартова мамлекеттик кызматка дайындалды

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол коюп, жаңы жетекчини министр бүгүн эмгек жамаатка тааныштырды.
Sputnik

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik.Рита Карасартова Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. 

Рита Карасартова мамлекеттик кызматка дайындалды

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Агенттикти буга чейин жетектеген Таалайбек Чолпонкулов өз арызы менен кызматтан бошотулганы айтылат. Ал бул кызматта 2009-жылдан бери иштеп келген.

Бүгүн билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жаңы дайындалган директорду Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин жалпы жамаатына тааныштырды.