Өзгөндө турак жай өрттөнүп, 29 жаштагы үй ээси каза болду

ӨКМ жалын 2-декабрда түнкү саат 23.00 чамасында тутанып, турак жай толугу менен күйүп кеткенин кабарлады.
Sputnik

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында жеке турак жай өрттөнүп, үй ээси каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жалын 2-декабрда түнкү саат 23.00 чамасында тутанып, өрт өчүрүүчү бир бригада барган. Турак жай толугу менен күйүп, жалпы 99 чарчы метр аянтты жалмаган. Кырсыктын кесепетинен каза болгон С.А. аттуу үй ээси 29 жашта болгону айтылат.