Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү электрондоштурулду

Фразеологизмдердин онлайн сөздүгү кыргыз тил институту тарабынан 2015-жылы чыгарылган "Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгүнүн" негизинде түзүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү электрондоштурулду. Бул тууралуу "Биздин Мурас" коомдук фондунун директору Чоробек Сааданбеков билдирди.

Сазыков: салык терминдерин камтыган орусча-кыргызча сөздүк чыкты
Анын айтымында, бул эмгек Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз тил жана адабият институту менен "Эл-Сөздүк" онлайн сөздүгүнүн биргелешкен долбоору.

Фразеологизмдердин онлайн сөздүгү кыргыз тил институту тарабынан 2015-жылы чыгарылган "Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгүнүн" негизинде түзүлгөн. Анда фразеологизмдердин чечмелениши көркөм адабияттан жана гезит-журналдарга чыккан мисалдар менен коштолот.

Сааданбеков жакын арада тизме "Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү", "Манас" эпосунун сөздүгү", "Синонимдер сөздүгү", "Антонимдер сөздүгү" сыяктуу кыргыз тил институту түзгөн актуалдуу сөздүктөр менен толукталарын айтты.