Кумтөрдөгү жоголгон эки кызматкерди издөөгө альпинисттер кошулду

ӨКМдин маалыматы боюнча, үйүлгөн жараксыз катмардын жалпы көлөмү дээрлик 13 миллион метр куб экени айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кумтөр кенинде дайынсыз болуп жаткан эки кызматкерди издөө иштерине 18 оор техника тартылып, альпинисттер дагы кошулду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматта үйүлгөн жараксыз катмардын узуну 450 метр, туурасы 570 метр жана бийиктиги 50 метрге жетип, жалпы көлөмү 12 миллион 825 миң метр куб экени айтылат.

"Жоголгон эки адамдын болжолдуу калган жерлери адистер тарабынан аныкталып, учурда ошол аймакта техника иштеп жатат. Жалпысынан 92 куткаруучу — ӨКМден, "Кумтөр" ишканасынан жана кинологдор тартылган. Мамэкотехинспекциянын тоо-кен адистери чалгындоо иштерин жүргүзүп, коркунуч туулган жерлерге атайын аспаптарды орнотуп, тактоо иштерин жүргүзүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 1-декабрда саат 5.43тө Кумтөр кенинин Лысый аймагында жердин борпоң теги көчүп, натыйжада аталган участокто иштеп жаткан эки жумушчу дайынсыз жоголгон.

Алар "Кумтөр" компаниясынын жумушчулары 35 жаштагы Өмүрбек Ишенбеков менен 47 жаштагы Жолдошбек Жунушев болуп чыкты.