Депутаттар калпакты мазактагандарга айып салууну сунуштады. Өкмөт ага каршы

Демилгечилер калпакты итке кийгизгендер болгонун, коомчулук аларга чара көрүүнү талап кылып жатканын белгилейт.
Sputnik

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Депутаттар Экмат Байбакпаев менен Бакирдин Субанбеков кыргыз улуттук баш кийимин маданий баалуулук катары сактоо жана кеңири жайылтуу максатында "Улуттук баш кийим Ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Демилгечилердин айтымында, долбоордун башкы максаты ак калпакты өлкөнүн маданий символу катары пайдаланууга шарт түзүү болуп саналат. Ошондой эле Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекске да өзгөртүү киргизилип, улуттук баш кийимди мазактаган жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып пул салуу чарасы сунушталып жатат.

Депутаттар өздөрү жазган аңчылыкка тыюу салуу боюнча мыйзамды колдогон жок. Тизме
Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, маданият, билим берүү, илим жана саламаттык сактоо боюнча комитети мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды, бирок өкмөт буга каршы корутунду бергени белгилүү болду. Өкмөттүн өкүлү "бул мыйзам долбоору Конституциянын 18-беренесине кайчы келип, жарандардын укуктарынын чектелишине өбөлгө түзөт" деген жүйө келтирген.

Демилгечи депутат Байбакпаев кыргыздын ак калпагын итке кийгизип мазактагандар болгонун, коомчулук аларды жоопкерчиликке тартууну талап кылып жатканын белгилейт. Муну депутат Алмазбек Токторов да колдоп, мыйзам долбоору башка жарандардын укугун чектебей турганын билдирген.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 2016-жылдан бери 5-мартта Ак калпак күнү белгиленип келет.