Кадамжайда мал уурдап, этин сатып жүргөн үч киши, бир аял кармалды

Колго түшүрүлгөн аял 31 жашта, эркек кишилер 27 жашта болгону айтылат. Алар убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Sputnik

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынан 10 бодо мал уурдоого шектелип, үч эркек, бир аял кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициянын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Билдирмеге караганда, үстүбүздөгү жылдын июнь айынан бери жашоочулардын бодо малы  короосунда жана үлүш жеринде байланып турган жеринен уурдалып жатканы боюнча райондук милицияга арыз түшкөн. 

Кадамжайда мал уурдап, этин сатып жүргөн үч киши, бир аял кармалды
"Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Кызыл-Кыя шаарынын 27 жаштагы, Үч-Коргон айылынын 27 жаштагы жана Ноокат районунун 31 жаштагы (аял) тургуну Кызыл-Кыя шаарынан кармалды. Төртүнчү шектүү, Үч-коргон айылынын 27 жаштагы тургуну, Бишкек шаарынан колго түшүрүлүп алып келинди", — деп билдирди маалымат катчы.

Тергөө иштеринин алкагында аталган топ Үч-Коргон айыл аймагынан 10 баш бодо мал уурдап, ээн талаада союп, этин дүкөндөргө жана ашканаларга сатып жүрүшкөнү аныкталган.

Учурда кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.