Балдарын велосипед менен ташып... Булганган аба менен күрөшкөн атанын видеосу

Бишкектик Нуршат Абабакиров эмне себептен автоунаа айдаганды таштап велосипедге өткөнүн айтып берди. Ал борборду эки жаш баласы менен кыдырат. Үч киши отурганга ыңгайлуу болсун деп велосипеддин рамасына чиркегич тагып алган.
Sputnik

Нуршаттын айтымында, мындай "бешикти" табуу оңой эмес. Дүкөндөр мындай чиркегич сатпагандыктан, тааныштары аркылуу алдырткан. Жасалга анын балдарына бөтөнчө жагып, бала бакчага жана окууга жайдары маанайда сүйлөшүп барышарын айтып берди. Бир жакка баруу дагы бат экендигин белгиледи. Унаа менен жүргөндө убактысынын көбү жолго кетчү экен.

"Мен улуу баламды кичинекей кезинен тарта велосипед менен жүрүүгө үйрөттүм. Анын рамада бекитилген өзүнө ылайыктуу отургучу бар эле. Кызым чоңойгондон кийин экөө "бешикке" түшүп жүрүшөт. Алар чоңойгондо бул убакты жылмаюу менен эстесе керек. Автокөлүктө бара жатканда музыка угуп, телефон менен сүйлөшүп, бири-бирибизге көңүл бурбай калат эмеспизби. А бул жактан убакыт шаңдуу өтөт", — деди Абабакиров.

Ал коопсуздук үчүн велосипедди тротуарларда тебет. Жөө жүргөндөргө ыңгайсыздык жаратпоо үчүн кылдат жүргөнгө аракет кылат.

"Эл бизди көрүп кубанганын байкайм. Пайдалуу экендигин баары билет. Учурда Бишкекте ыш көйгөйү курч экендиги маалым. Менин велосипед тепкенге өтүшүмө да бирден бир ушул себеп болду", — деди Нуршат.

Анын айтымында, булганган абанын көйгөйүн бир гана бийлик эмес, ар бир жаран да чечсе болот. Бишкектик тургун өзүнүн аракетин таза абага кошкон салымы катары баалаган. Ал жадакалса кышкысын да велосипед менен жүрөрүн белгилеген.