Бишкек мэриясына кошумча курулчу имараттын эскизи жарыяланды

2-декабрь күнү мэр Азиз Суракматов шаардык кызматтардын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Анда "Бишкек башкы архитектура" ишканасы дайындаган долбоор каралды.
Sputnik

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бишкек мэриясы муниципалитеттин имаратына кошумча курулуштун эскизин көрсөттү.

2-декабрь күнү мэр Азиз Суракматов шаардык кызматтардын жетекчилери менен жыйын өткөргөн. Анда "Бишкек башкы архитектура" ишканасы дайындаган долбоор каралды.

Ак-Буура дарыясынын жээги көрктөндүрүлүп, эс алуу жайына айланат. Эскиз
Кошумча курулуш төрт кабаттан туруп, ичинде 24 бөлмө болот. Имаратта адамдар жана жүк үчүн эки башка лифт коюлмакчы. Мындан тышкары, кызматкерлердин автосу үчүн 26 орундук, коноктордуку үчүн 18 орундуу паркинг курулат. Курулуштун аянты 1 268 чарчы метр.

Буга чейин мэрия кошумча имарат куруу чечимин кызматкерлерге орун жетишпей жатканынан улам кабыл алганын айткан. Өзгөчө шаардык кеңештин сессиялары учурунда бир топ көйгөйлөр жаралат экен деп билдиришкен.

Муниципалитеттин имараты 1950-жылдары курулган.