Нашаа чеккен эркектин урук бези ракка чалдыгышы мүмкүн. Иликтөө

Иликтөө маалында нашаа чеккен эркектер чекпегендерге караганда урук безинин залалдуу шишигине 35 пайыз көбүрөөк чалдыгары белгилүү болду.
Sputnik

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Эркектин нашаадан көз карандылыгы урук бездин рак илдетине чалдыгышына алып келет. Бул тууралуу британиялык окумуштуулардын иликтөөсүнө таянып Daily Mail басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, Британияда жыл сайын 2400 эркек урук безинин рак илдетине кабылат. Алардын тең жарымы ар кандай баңги заттарды пайдаланган 35 жаштан төмөнкү жаштар.

"Иликтөө маалында нашаа чеккен эркектер чекпегендерге караганда урук безинин залалдуу шишигине 35 пайыз көбүрөөк чалдыгары белгилүү болду", — деп жазылат макалада.

Республикалык наркология борборунун ачык булактарда жарыяланган маалыматына караганда, 2018-жылы популярдуу баңги заттардын сап башында апийимден жасалган каражаттар жана нашаа турат. Апийимден жасалган каражаттарды баңги заттан көз карандылардын 65 пайызы колдонсо, нашааны 27 пайызы чегет.