БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Москвада жекшемби күнү өткөн ММА турниринде кыргызстандык мушкер Жыргалбек Чомонов эки мүнөттүн ичинде жеңишке жетти.
Чомонов 100 килограмм салмак категориясында россиялык мушкер Иван Арацкийди утуп алган.
1-декабрь күнү кечинде FMR Fighting Championship турнирин көрүүгө "Лужники" стадионуна 8 миңге чукул күйөрман чогулду.
FFC чемпиону титулу үчүн Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россия, Азербайжан, Грузия, Иран жана Афганистандын мыкты мушкерлери ат салышты.
Турнирди Россиянын Мигранттар федерациясы уюштурган.