Трюк көрсөтүп жаткан цирктин артисти мотоцикли менен кулап түштү. Видео

Москванын түндүк-чыгышында жайгашкан Сергиев Посад циркинде артист Стивен Салло өнөрүн көрсөтүп жатып, төрт метр бийиктиктен мотоцикли менен кулап түштү.
Sputnik

Окуянын видеосу "Россия 24" каналынын YouTube-каналына жүктөлгөн.

Кадрларда артист чоң шар сымал жабдыктын ичинен мотоцикл менен ары-бери айланып жатканын көрүүгө болот. Анын ылдамдыгы улам жогорулап отуруп, бир маалда өнөрпоз мотоцикли менен кулап түшкөн.

РИА Новостинин маалыматына ылайык, Салло башынан жаракат алып, денеси көгөрүп ооруканага жеткирилген.