Кумтөрдө жоголгон эки киши. Компания кырсыктын чоо-жайын айтты

Эки кызматкердин дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат 1-декабрда тараган. Окуяга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да көз салууда.
Sputnik

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. 1-декабрда саат 5.43тө Кумтөр кенинин Лысый аймагында жердин борпоң теги көчүп, натыйжада аталган участокто иштеп жаткан эки жумушчу дайынсыз болууда. Бул тууралуу "Кумтөр" компаниясынан билдиришти.

Эки кызматкердин жок болуп жатканы тууралуу маалымат 1-декабрда тараган.

Маалыматта ушу тапта эң орчундуу маселе жоголгон адамдарды табуу экени айтылат. Издөө иштери учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери менен чогуу аткарылууда.

"Жер көчкөндөн кийин эле компания дароо кызматкерлерди эвакуациялоону баштап, иштин баарын токтотту. Ошол замат тиешелүү органдар, эки жумушчунун үй-бүлөсү кабардар болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, ошол эле күнү кечинде окуя боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев үн катып, дайынсыз болуп жаткан эки кишини издөөгө бардык күч аракетти жумшоону тапшырган.