Кумтөрдөгү издөө аракеттери: жеринен тартылган сүрөттөр

1-декабрда саат 5.43тө Кумтөр кенинин Лысый аймагында жердин борпоң теги көчүп, анын кесепетинен аталган участокто иштеп жаткан эки жумушчу дайынсыз жоголгон.
Sputnik

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. ӨКМдин маалымат кызматы дайынсыз болуп жаткан "Кумтөр" компаниясынын эки жумушчусунун жоголду деген аймагынын сүрөтүн жарыялады.

Ал эми өкмөттүн маалымат кызматы издөө жана кырсыкты жоюу боюнча атайын штаб түзүлгөнүн кабарлады.

Штабдын курамы төмөнкүдөй:

  • Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов, штабдын төрагасы;
  • Мамэкотехинспекциянын директорунун орун басары Расул Артыкбаев;
  • Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Мырза Жаманбаев;
  • Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Надырбек Козубаев;
  • Жети-Өгүз райадминистрациясынын акими Мурат Раматов;
  • "Кумтөр Голд" ишканасынын өндүрүш боюнча директору Б.Идирисов.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы издөө-куткаруу иштерине 92 куткаруучу — ӨКМден 64, ишканадан 28 киши тартылганын кабарлады.

24 жылдан берки Кумтөрдөгү кырсыктар. Тик учак кулап, жер алдында калып...
Белгилей кетсек, 1-декабрда саат 5.43тө Кумтөр кенинин Лысый аймагында жердин борпоң теги көчүп, натыйжада аталган участокто иштеп жаткан эки жумушчу дайынсыз жоголгон.

Дайынсыз болуп жаткан "Кумтөр" компаниясынын жумушчулары Ө. Ишенбеков 35 жашта, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Суу айылынан, учурда Бишкекте жашап жаткан. Ал эми Ж. Жунушев 47 жашта, ал Тоң районунун Темир-Канат айылынан болот

Өкмөттүн берген маалыматына ылайык, Өмүрбек Ишенбеков тоо-кен өндүрүшү бөлүмүнүн мастери болгон, ал эми Жолдошбек Жунушев бульдозердин машинисти болуп эмгектенип келген.