4 баланын атасы... Кумтөрдө изделип жаткандар тууралуу маалымат айтылды

Учурда Кумтөр кениндеги бардык иштер токтотулуп, издөө иштери уланууда. Жалпысынан 30дан ашык куткаруучу тартылган.
Sputnik

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Дайынсыз болуп жаткан "Кумтөр" компаниясынын жумушчулары Ө. Ишенбеков 35 жашта, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Суу айылынан, учурда Бишкекте жашап жаткан. Ал эми Ж. Жунушев 47 жашта, ал Тоң районунун Темир-Канат айылынан болот. Бул тууралуу алардын айылдаштары жана Теплоключенко айыл өкмөтүнүн башчысы Талант Көбөнбаев билдирди.

Белгилей кетсек, 1-декабрда саат 5.43тө Кумтөр кенинин Лысый аймагында жердин борпоң теги көчүп, натыйжада аталган участокто иштеп жаткан эки жумушчу дайынсыз жоголгон.

"Кумтөрдүн" дайынсыз болуп жаткан эки кызматкерин 31 куткаруучу издеп жатат
Өкмөттүн берген маалыматына ылайык, Өмүрбек Ишенбеков тоо-кен өндүрүшү бөлүмүнүн мастери болгон, ал эми Жолдошбек Жунушев бульдозердин машинисти болуп эмгектенип келген.

Айылдаштарынын айтымында, Ишенбеков 7-8-жылдан бери Кумтөрдө иштеп келет. Ал эми айылдагы үйдө атасы менен иниси жашайт. Теплоключенко айыл өкмөтүнүн башчысы Талант Көбөнбаевдин айтымында, бүгүн туугандары Кумтөр кенине чыгып кеткен.

Ал эми изделип жаткан экинчи адам айрым маалыматтар боюнча 4 баланын атасы.

"Кумтөр Голд Компани" компаниясына изделип жаткан адамдар тууралуу толук маалымат алуу үчүн кайрылганыбызда, учурда издөө иштери уланып жатканын жана расмий сурамга тез аранын ичинде жооп берүүгө аракет кыларын билдиришти.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматовдун билдиргенине караганда,  учурда аталган аймакта 92 куткаруучу жана 14 техника иштеп жатат.

Кумтөрдө жоголгон эки киши. Компания кырсыктын чоо-жайын айтты
Ал ошондой эле кырсыкты жоюу боюнча атайын штаб түзүлгөнүн айтып, анын курамына ӨКМдин, Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин, жергиликтүү бийликтин жана "Кумтөр голд компани" компаниясынын өкүлдөрү кирген.

Ахматов, андан сырткары, тиешелүү мамлекеттик органдарга өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча тапшырмалар берилгенин жана жабыркагандар болушу ыктымал деген жерлер да белгиленгенин кошумчалады.