Жөө күлүк Дарья Маслова Токио Олимпиадасына лицензия алды

Маслова Валенсия (Испания) шаарында өткөн эл аралык лицензиялык марафонго катышып, 2 саат 28 мүнөт 19 секунд убакытта марага жеткен. Мелдеште олимпиадалык норматив 2 саат 29 мүнөт 30 секундду түзгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Токиодо өтө турчу Олимпиада оюндарына лицензия алганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Токио Олимпиадасына барчу спортчулар үчүн 65 млн. сом бөлүнөт
Ага ылайык, Маслова Валенсия (Испания) шаарында өткөн эл аралык лицензиялык марафонго катышып, 2 саат 28 мүнөт 19 секунд убакытта марага жеткен. Мелдеште олимпиадалык норматив 2 саат 29 мүнөт 30 секундду түзгөн. Муну менен спортчу 2020-жылы Токиодо өтө турчу Олимпиада оюндарына жолдомо алган.

Дарья Маслованын чыгымдары Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланып, ага 105 миң сом бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, учурда Масловадан тышкары балбандар Атабек Азисбеков менен Айсулуу Тыныбекова, сууда сүзүүчү Денис Петрашов менен жөө күлүк Юлия Андреева да лицензия алган.