Бразилия президенти актёр Ди Каприону Амазониядагы өрткө себепкер деп эсептейт

Дүйнөгө таанымал актёр коммерциялык эмес уюмга 500 миң доллар бергени айтылып, алар токойго өрт койгон деп доомат коюлууда.
Sputnik

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Голливуддук белгилүү актёр Леонардо Ди Каприо Амазония токоюна өрт коюуга тиешеси бар деп айыпталууда. Бул туурасында ВВС жазды.

Маалыматка караганда, Бразилиянын президенти Жаир Болсонару Ди Каприо токойго өрт койгондорго демөөрчү болгонун билдирген. Бирок андай маалыматты каяктан алганын тактаган эмес. Буга чейин ал актёрго тиешелүү коммерциялык эмес уюмду өрттү тутандырган деп бир нече ирет күнөөлөп келген.

"Леонардо Ди Каприо Амазонияны өрттөөгө акча берет. Жапайы жаратылышты коргоо дүйнөлүк фонду Бразилияга каршы аракетин баштады. Ди Каприо бул үчүн 500 миң доллар берген. Токойду өрттөгөн адамдар акчасынын жарымын алышты. Леонардо Ди Каприо, сен токойду күлгө айлантууга акча берип жатасың, мындай болбойт", — деп айткан Болсонару.

Үлгү болду. Бээни кулуну менен токойдогу өрттөн куткарган айгырдын видеосу
ВВС мамлекет башчы мындай билдирүүсүн коммерциялык эмес уюмдан грант алуу үчүн токойду өрттөдү деп кармалган Пара штатынын төрт ыктыярчы-өрт өчүрүүчүсүнө таянып айтышы мүмкүн экенин жазат. Ал арада укук коргоочулар жана Болсонарунун оппоненттери аларды саясий мотив менен кармап, мындай кадамды айлана-чөйрөнү коргоочуларга жалаа жабуу деп эсептешүүдө.

Өз кезегинде Ди Каприо Брализия президентинин айткандарын четке кагып, уюмга чынында эле каражат бөлгөнүн, бирок алар өрт койбогонун билдирген.