Бишкекте жаңы сейил бак курула баштады. Сүрөттөр

Паркка 900 бактын көчөтү отургузулуп, гүл бакчалар пайда болот. Курулуш иштерин "Ак Ниет Курулуш" компаниясы аткарып, шаардык бюджеттен 74,7 миллион сом бөлүнөт.
Sputnik

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Борбор калаага жаңы сейил бак курула баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, жаңы парк Түштүк дарбазадагы Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багынын маңдайында жайгашат.

"Электр кабелдерин орнотуу үчүн казуу иштери башталды. Кире беришине фундамент куюуга камынып жатабыз. Сейил бактын аянты 10 гектардан ашат. Келечекте ал жакка 1916-жылдагы каргашалуу окуяда каза болгондордун элесине арналган стела орнотуу пландалууда", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле паркка 900 бактын көчөтү отургузулуп, гүл бакчалар пайда болот. Курулуш иштерин "Ак Ниет Курулуш" компаниясы аткарып, шаардык бюджеттен 74,7 миллион сом бөлүнөт.

Подрядчы компания курулуш жана көрктөндүрүү иштерин келерки жылдын аягына чейин бүткөрүүнү убадалады.