Бишкек мэриясынын имаратына кошумча корпус курулушу ыктымал

Учурда муниципалитеттин толук иштеши үчүн кеңселер жетишпейт. Бишкек мэриясынын имараты 1950-жылдары курулган.
Sputnik

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Мэриянын имаратына кошумча корпус салынышы мүмкүн.

Муниципалитеттин маалымат кызматынын билдиргенине караганда, 2-декабрда мэр Азиз Суракматовдун жетекчилиги алдында шаардык кызматтардын жетекчилери менен чогулуш болгон.

"Негизинен "Бишкек башкы архитектуранын" мэриянын имаратына кошумча корпус салуу боюнча долбоору каралды. Бишкек шаардык кеңешинин сессиялары болгон учурларды жана кеңселердин жетишсиз экенин эске алганда бул долбоор учурда абдан керектүү", — деп айтылат маалыматта.

Аталган долбоор боюнча мэрия кийин толук маалымат берилет деп ишендирди.

Бишкек мэриясынын имараты 1950-жылдары салынган. Советтер Союзу учурунда бул жерде Фрунзе шаарынын аткаруучу комитети жайгашкан.