Бишкектин кайсы аймагында аба кир жана зыяндуу экени айтылды

Жыл сайын Бишкек шаарындагы абадан бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын жалпы көлөмү 240 миң тоннаны түзсө, анын 180 миң тоннасы автоунааларга тийиштүү.
Sputnik

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын айрым конуштары менен көчөлөрүндөгү абанын зыяндуулугу текшерилди. Бул тууралуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бишкектин кайсы аймагында аба кир жана зыяндуу экени айтылды

Абанын зыяндуулугун дрон жана атайын аба өлчөөчү аппарат менен текшерген.

"Бул ирет Гагарин — Некрасов, Лущихин — Клинская, Месароша — Абдраев, Москва — Үмөталиев, Бакаев — Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилиши, ошондой эле Арча-Бешик, Ак-Өргө жана Ак-Ордо конуштары текшерилди", — деп айтылат маалыматта.

Натыйжада төмөнкүдөй жыйынтыктар чыккан:

  • Лущихин — Клинская көчөлөрүнүн кесилишинде диоксид азот боюнча концентрациянын деңгээли тийиштүү нормадан 3 эсеге чейин жогору. Ал эми кирдин көрсөткүчү 2,5 эсеге көп;
  • Месароша — Абдраев көчөлөрүнүн кесилишинде диоксид азот боюнча концентрациянын деңгээли тийиштүү нормадан 2,5 эсеге көп, кирдин көрсөткүчү 1,6 эсеге жогору;
  • Москва — Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде диоксид азот боюнча концентрациянын деңгээли тийиштүү нормадан 2,3 эсеге көп, кирдин көрсөткүчү 1,5 эсеге жогору;
  • Бакаев — Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде диоксид азот боюнча концентрациянын деңгээли тийиштүү нормадан 2,7 эсеге көп, кирдин көрсөткүчү 1,6 эсеге жогору.

Текшерүүгө алынган калган аймактарда абанын зыяндуулугу боюнча жогорку көрсөткүч байкалган эмес. Ошондой эле маалыматта зыяндуу заттардын 90 пайызын абага автотранспорт бөлүп чыгарары белгиленген.