БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Түркияда кикбокстун фулл-контакт бөлүгү боюнча дүйнө чемпионаты өтүп, кыргызстандык Авазбек Аманбеков алтын байге алса, Рустам Ибрагимов коло медаль тагынды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине кикбокс боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу Тахир Марасулов билдирди.
Мелдеш 23-ноябрдан 1-декабрга чейин Анталья шаарында өткөн. Ага 63 өлкөнүн спортчулары катышканы айтылды. Чемпионатка Кыргызстандын курама командасынан тогуз спортчу барган.
Аманбеков спорт сүйүүчүлөр арасында дүйнөнүн үч жолку чемпиону болду. Алгач ирет 2015-жылы биринчи орунга ээ болсо, экинчи жолу ушул жылдын октябрында кикбокстун лоу-кик бөлүгү боюнча Босния жана Герцеговинанын Сараево шаарында өткөн дүйнө биринчилигинде алтын алган.