"Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" эстафетасы Оштон Хивага өттү

Түрк тилдүү мамлекеттерде быйылкы жыл улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жылы деп белгиленген болсо, 2020-жыл Казакстандын улуу акыны Абай Кунанбаевдин жылы деп белгилөө чечими кабыл алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Ош шаарында "Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" иш-чарасы жыйынтыкталып, эстафета Өзбекстандын Хива шаарына өткөрүп берилди. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, чечим кечээ Ош шаарындагы ТҮРКСОЙ уюмунун туруктуу кеңешмесинин 37-отурумунда белгилүү болгон. Жыйындын алкагында түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуусун арттыруу багытында бир катар келишимдер түзүлгөн.

"2020-жылы ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө мамлекеттердин туруктуу кеңешинин кезектеги жыйынын Өзбекстандын Маданият министрлиги тескейт. Ошондой эле Хива шаарында бир катар маданий иш-чаралар өтөт", — деп айтылат маалыматта.

"Манас" эпосу өзбек тилинде жарык көрүп, окурмандарга сунушталды
Ошондой эле түрк тилдүү мамлекеттерде быйылкы жыл улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жылы деп белгиленген болсо, 2020-жыл Казакстандын улуу акыны Абай Кунанбаевдин жылы деп белгилөө чечими да кабыл алынган.

Эске салсак, Ош шаарында өткөн 37-жыйынды маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов төрагалык кылды. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Дюсен Касеинов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Өзбекстан, Азербайджан, Казакстан, Түркмөнстан, Түркия мамлекеттеринин маданият министрлеринин орун басарлары, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун өкүлдөрү катышты.