Чамдагыла! Кыргызпатент жарым миллион сомдук сынак жарыялады

Сынактын финалдык бөлүгүндө мыкты долбоорлор ат салышып, жеңүүчү болгон тарап 500 миң сомду өзүнүн долбоорун ишке ашырууга жумшайт.
Sputnik

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кыргызпатент жарым миллион сомдук сынак жарыялады. Бул тууралуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунан билдиришти.

Орус тили жана адабияты мугалимдеринин сынагы өтөт. Мыктылары Москвага барат
Маалыматка ылайык, "Мыкты инновациялык StartUP" сынагына өтүнмөлөрдү кабыл алуу 31-декабрга чейин уланат.

Катышуучулар алгач тандоо турунан өтүп, финалдык бөлүгүндө мыкты долбоорлор ат салышат. Жеңүүчү болгон тарап 500 миң сомду өзүнүн долбоорун ишке ашырууга жумшайт.

Сынактын максаты түрдүү инновациялык ыкмаларды ар кыл тармакта пайдалануу, ойлоп табуучуларды шыктандыруу жана жаратмандардын келечектүү долбоорлорун ишке ашыруу. Ага КРдин жарандары гана катыша алат.