Кумтөрдө иштеген эки кызматкер көчкү алдында калганы айтылууда

"Кумтөр" компаниясынан издөө иштери жүрүп жатканы айтылды. Бул факты боюнча учурда расмий билдирүү даярдалууда.
Sputnik

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. "Кумтөр" ишканасында эмгектенген эки кызматкер жер көчкү алдында калып, дайынсыз болууда. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адам билдирди.

Анын айтымында, кызматкерлер бүгүн, 1-декабрь күнү, эртең мененки саат 5:00дөн бери жок болууда. Алар түнкү сменде иштеген.

"Кумтөр" компаниясынан издөө иштери жүрүп жатканы айтылды. Бул факты боюнча учурда расмий билдирүү даярдалууда.