Космостогу космонавттар кантип эс алат?

Космонавттардын олимпиада оюндарын түз эфирден көрүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле станцияда интернет менен телефон дагы иштейт.
Sputnik

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Эл аралык космостук станциясынын экипаждары дүйнөлүк кинематографиянын жаңы кинолорун биринчилерден болуп көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул тууралуу россиялык космонавт Геннадий Падалка айтып бергенин "Известия" басылмасы жазды. 

"Ал жакта биздин аудио-фильмотека абдан чоң. Голливуддун компаниялары менен келишим бар. Ага ылайык, жаңы тартылган тасмалардын бардыгы биринчи болуп станцияга келет", — деди ал.

Андан тышкары, алар олимпиада оюндарын түз эфирден көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ошондой эле интернет менен телефон дагы иштейт. Каалаган учурда каалаган киши менен байланыша да алышат. Экипаждын ар бир мүчөсүнүн жеке компьютери бар. Андыктан ар кимиси каалаган медиафайлды сурай алат.

Геннадий Падалка өз сөзүндө космосто алар жумасына беш күн иштеп, ишемби, жекшемби күндөрү эс ала турганын белгилеген.