Емельяненко менен Кокляевдин беттеш үчүн алган гонорары айтылды

Эки спортчунун беттеши Москвада өтүп, Емельяненко атаандашын биринчи эле раундда нокдаунга кетирип жеңишти камсыздады.
Sputnik

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Пауэрлифтер Михаил Кокляевди уткан россиялык мушкер Александр Емельяненко 1 миллион рубль гонорар алды. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды. 

Емельяненко менен Кокляевдин беттеш үчүн алган гонорары айтылды

Россиянын бокс боюнча федерациясынын өкүлү спортчуларга рингден сертификаттарды тапшырган. Ал эми Михаил Кокляев беттеш үчүн 500 миң рубль алган.

Хабиб Нурмагомедов менен Фергюсондун беттешер күнү белгилүү болду
Спортчулардын беттеши 30-ноябрга караган түнү Москвадагы "ВТБ Аренасында" өткөн. Биринчи раундда эле Емельяненко Кокляевге олуттуу бир канча сокку узатууга үлгүргөн. Кокляев нокдаунга кетип, оюнду уланта алган эмес.

Емельяненкого бел курду кичинекей кызды педофилден куткарып калган Слава Дорошенко тапшырды.

Беттештен кийин Емельяненко күйөрмандарынан бат эле жеңишке жетип калганы үчүн кечирим сурады. Ал эми Кокляев болсо Емельяненко менен беттешкенине ыраазы экенин айткан.