Наполеондун өтүгү Париждеги аукциондо 117 миң еврого сатылды

Француз тарыхчыларынын маалыматы боюнча, Наполеон 40 размердеги кара булгаары өтүктү убагында 80 франкка сатып алган.
Sputnik

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Франциянын императору Наполеон Бонапарттын өтүгү Париждеги аукциондо сатылды. Бул тууралуу Drouot аукцион үйү Twitter баракчасына жарыялады. 

Наполеондун өтүгү Париждеги аукциондо 117 миң еврого сатылды
"Наполеондун белгилүү өтүгү 117 миң 208 еврого сатылды", — деп айтылат маалыматта.

​Француз тарыхчыларынын маалыматы боюнча, Наполеон 40 размердеги кара булгаары өтүктү Ыйык Елена аралында сүргүндө жүргөн кезинде өмүрүнүн аягына чейин кийген. Ал 1821-жылы каза болгон. Айрым маалыматтар боюнча, бул өтүктү император 80 франкка сатып алган.