Арак доолаган айылдашын аткылап... Чүйдөгү окуя боюнча өкүм чыкты

Фемида өкүлдөрү иштин материалын карап чыгып, айыпталуучуну үч жылга эркинен ажыратып, жатак абагына кести.
Sputnik

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. 29 жаштагы киши айылдашын көчөдө мылтык менен атып өлтүрүп, үч жылга соттолду. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайтында кабарланды.

Уулуна бычак сайып жиберген ата эркинен ажыратылды. Соттук чечим
Өкүмгө ылайык, каргаша Чүй облусундагы айылдардын биринде болгон. Анда айыпталуучу арак алып берүүсүн талап кылган таанышы менен көчөдө уруша кетип, мас болгон жабырлануучудан таяк жеп калган. Андан соң үйүнө кирип, сейфте турган ок атуучу куралды алып чыгып бир нече жолу атып жиберген.

Териштирүү учурунда шектүү кылганын жарым-жартылай мойнуна алган.

"Мурдум канап кеткендиктен үйгө кирип бетимди жууп чыксам, тиги киши атамды сабап жаткан экен. Ачууланып үйдө сейфте турган мылтыкты кантип алып чыгып, ок чыгарганымды билбей калдым. Адам өлтүрөйүн деген оюм жок болчу, окуя кандайча болуп кеткенин аңдабай калыптырмын", — деп көрсөтмө берген.

Фемида өкүлдөрү айыпталуучуну үч жылга эркинен ажыратып, жатак абагына кести.