БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Улуу Британиянын канышасы Елизавета II тактыдан баш тартып, ордуна уулу Чарльз келиши ыктымал. Бул тууралуу The Sun басылмасы падышанын үй-бүлөсүнө жакын адамдарга таянуу менен жазды.
Ага ылайык, мындай окуя алдыдагы бир жарым жылда ишке ашып, канышанын 95 жылдыгына арналышы мүмкүн.
Статистикага ылайык, каныша 2018-жылы 283 расмий иш-чарага катышкан. Бул өз кезегинде 2016-жылга салыштырмалуу 49 иш-чарага аз. Ал эми Чарльз акыркы убактарда расмий иш-чараларга активдүү катышып баштады. Быйыл ал 507 расмий иш-чарага барган.
Елизавета II тактыга 1952-жылы 6-февралда 25 жашында отурган. Бүгүнкү күнү ал тактыда эң көп отурган монарх катары рекорд койду.
Елизавета Александра Мария бир гана Британиянын канышасы эмес, Австралиянын, Канаданын, Жаңы Зеландиянын жана Ямайканын канышасы болуп саналат.