Аламүдүндө жай тургундун үйүнө кирген кылмышкерлер уулун өлтүрүп кетишти

Милиция төрт шектүүнү колго түшүрүп, сүрөтүн жарыялады. Алар Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Sputnik

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Аламүдүн районунда адам өлтүрүүгө шектелип төрт бала кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Кечээ, 29-ноябрда, милицияга Ала-Арча айылында адам өмүрүнө кол салуу фактысы боюнча билдирүү келип түшкөн. Жерине барган укук коргоочулар кечки саат 20.30дар чамасында 46 жаштагы жергиликтүү тургундун үйүнө болжолу 25-30 жаштагы бейтааныш төрт киши кирип кол салганын аныкташкан. 

Аламүдүндө жай тургундун үйүнө кирген кылмышкерлер уулун өлтүрүп кетишти
"Медициналык бет кап кийген кишилер үй ээлери каршылык көрсөткөндүктөн 19 жаштагы О.Э. аттуу уулуна бычак сайып кетишкен. Натыйжада жабырлануучу ооруканадан жан берген. Ал эми кылмышкерлер качып кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Арак доолаган айылдашын аткылап... Чүйдөгү окуя боюнча өкүм чыкты
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча каттоого алынган.

Ыкчам тергөө иш-аракеттеринин негизинде бүгүн, 30-ноябрда, кылмышка шектелип 19 жаштагы Б.С., 21 жаштагы Р.Б. менен М.Ж. жана 18 жаштагы Ч.Ш. аттуу балдар колго түшкөн.

Учурда кармалгандар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоо жайына киргизилип, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.