"Кумтөрдөн" жыл аягына чейин 18,2 тонна алтын өндүрүү пландалууда

Өкмөт башчы рекультивациялоо боюнча трасттык фондду Кыргызстанга көчүрүү маселесин кароо зарылдыгын баса белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Centerra Gold Inc. компаниясынын президенти Скотт Перри менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда "Кумтөр" ишканасынын ишине байланыштуу маселе, ошондой эле кендеги өндүрүштүк көрсөткүчтүн көбөйүшү талкууланды. Эгерде 2018-жылдын 9 айында 9,5 тонна алтын өндүрүлсө, быйыл ушул убакыт аралыгында 14,04 тоннаны түздү. Жыл аягына чейин алтынды өндүрүүнү 18,2 тоннага чейин жеткирүү пландалууда.

Дүйнөдө казыла элек канча алтын калганы айтылды
Абылгазиев Centerra Gold Inc. компаниясынын "Кыргызалтын" ААКга дивиденддерди милдеттүү түрдө төлөө маселесин дагы бир ирет көтөрдү. Мындан тышкары, рекультивациялоо боюнча трасттык фондду Кыргызстанга көчүрүү маселесин кароо зарылдыгын баса белгиледи.

Өкмөт зарыл делген кепилдиктерди берүүгө жана фонддун каражаттарын Кыргызстанда жайгаштыруу боюнча бардык шарттарды ыкчам тартипте макулдашууга даяр.

Өкмөт башчынын ою боюнча, кен жабылганга чейин каражаттарды ата мекендик чакан, орто бизнести колдоо үчүн натыйжалуу колдонуу максатка ылайык.

Скотт Перри Centerra Gold Inc. компаниясынын түзүмүндөгү "Кумтөр" кенинин маанилүүлүгүн белгилеп, Абылгазиев көтөргөн маселелер жакынкы арада Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешинин кароосуна киргизилерин кошумчалады.