Суучул кыздын 6 метрлик жырткыч менен сүзүп жүргөнү интернетти жарды. Видео

Кыз сууда жырткычтын капталына, жогору жагына чыгып каалгый сүзүп жүрөт. Ал тургай акуланын сүзгүч калакчаларынан сылап койгон учуру бар.
Sputnik

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Социалдык тармакта дайвер-кыз кишиге кол салып жиберүүгө жөндөмдүү алты метрлик акуланы коштой сүзүп, кээде кармалап койгон видео тарады.

Ал Twitter баракчага жарыяланып, бир нече күндө эле 9 миллион киши көргөн.

​Суучул акуланын сүзгүч калакчаларынан сылап жана аны камерага тартып алган. Бир аздан кийин капталдай тик өйдө көтөрүлгөн. Ал эми акула жанында адамдын жайбаракат жүргөнүнө, аны кармагандыгына эч кандай реакция кылган эмес.

Видеонун каарманы дайвинг боюнча окутуучу Оушен Рэмси аттуу кыз жана акула тууралуу китептин автору.

Ак акула эң кооптуу деңиз жаныбарларынын бири, адамга кол салган учурлары бар. Денесинин орточо узундугу 4,8 метр.