БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Кыргызстан суу-энергетикалык тармакта Борбор Азия өлкөлөрүнүн бардыгынын кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн бирдей эске алууну кубаттайт. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков Ташкент шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын экинчи консультативдик жолугушуусунда билдирди.
Өлкө башчы өз сөзүндө азыр окумуштуулар Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн азайып баратканын айтып жатышканына токтолуп, Кыргызстандагы тоолор аймактагы суу ресурстарынын 45 пайызын түзөрүн кошумчалады.
"Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн кескин азаюусу боюнча айтылган сөздөрдүн жалпы аймак үчүн социалдык, экономикалык жана экологиялык кесепеттери бар. Мөңгүлөрдү сактоо, суу-энергетикалык кызматташтыкты өнүктүрүү механизмдери боюнча эл аралык кызматташтыкты баштоо зарыл. Буга байланыштуу Борбордук Азиядагы суу ресурстарын чогултуу үчүн өз ара пайдалуу компенсациялоо механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча күчүбүздү бириктирүүнү сунуштайм", — деди Жээнбеков.
Жээнбеков өз сөзүндө 1998-жылдагы компенсациялоо механизмдерин караган Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан ортосундагы Нарын — Сырдарья дарыяларынын суу-энергетикалык ресурстарын колдонуу жөнүндөгү Макулдашуу алкагындагы кызматташтыкты калыбына келтирүүгө чакырды.