БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Россиянын Сургут шаарында турак үй күйүп кыргызстандык жубайлар каза тапты. Бул тууралуу өлкөнүн Россиядагы элчилигинен билдиришти.
Окуя 26-ноябрда саат 9.00дөр чамасында болгон.
"Тиешелүү органдардын билдиргенине караганда, өрттөн 41 жаштагы эркек жана 37 жаштагы аял көз жумду. Алар Ош облусунун Алай районунан барган жубайлар болгон. Эркек киши Россиянын жарандыгын алган эле", — деп айтылат билдирүүдө.
Эркектин сөөгү бүгүн, 29-ноябрда, кыргыз диаспорасынын жардамы менен мекенине жөнөтүлдү. Ал эми аялыныкын жиберүү үчүн тиешелүү документтер чогултулуп жатат.